Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияда сойкулукка шектелген кыргызстандыктар кармалып, кийин депортацияланганы тууралуу маалыматты четке какты.
«Кыргызстандын Башкы консулдугунан алынган маалымат боюнча, кармалгандардын жана депортациялангандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз