Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга иш сапары күз мезгилине жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлдагы маалымат жыйында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, Түркия президенти Кыргызстанда жай айларында келмек. Бирок анын сапары эл аралык иштерге байланыштуу кийинки мезгилге жылдырылган.
Ошентсе да Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапары быйыл уюштурулат. Учурда сапарды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда