Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду “Манас” эл аралык аэропортунда президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.
Ал бүгүн Бишкек шаарында өтө турган КМШ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда.
Иш чарага катышуу үчүн Владимир Путин, Илхам Алиев жана Александр Лукашенко дагы Бишкекке келишти. Саммит «Ала-Арча» мамлекеттик резидециясында өтөт.