Аялын кескилеген адамды зордуктоо иши боюнча пробация менен бошоткон сот иштен алынат

Аялын кескилеген адамды зордуктоо иши боюнча пробация менен бошоткон сот иштен алынат

Чүйдүн Селекция айылында мурдагы аялынын кулагы жана мурдун кесип салган жаранды зордуктоо иши боюнча абактагы жазадан бошотуп, пробацияга чыгарган Сокулук райондук соттун судьясы Кыялбек Токтомаматов кызматтан алынат. Бул тууралуу Жогорку сот кабарлап, Соттор кеңеши президентке тиешелүү сунуш жөнөткөнү айтылды.

Белгилүү болгондой, быйыл 20-сентябрда Селекцияда эркек киши мурдагы аялын сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Азамат Эстебесов аттуу жаран кармалган.

Аталган жаран мурдагы аялын зордуктаганы үчүн быйыл жаз айларында Сокулук райондук соту тарабынан 5 жылга абакка кесилгени, ошол эле учурда сот ага пробация колдонуп, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотуп жибергени белгилүү болгон. Жабыркаган аял райондук соттун чечими менен макул болбой, Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

27-сентябрда облустук сот зордуктоо боюнча ишти карап, айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыраткан.

Белгилей кетсек, зордуктоо быйыл 31-январда сентябрдагы каргашалуу окуяга чейин болгон.

Чүйдө жаран мурдагы аялынын кулагын кесип салган. Милиция эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>