Кош жарандуулугу бар сот Нурлан Байзаков кызматтан алынат

Кош жарандуулугу бар сот Нурлан Байзаков кызматтан алынат

Кош жарандуулугу бар экени аныкталган Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы Нурлан Байзаковду мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу тууралуу сунуш президентке киргизилди. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, Байзаковдун кош жарандуулугу боюнча маселе Тартиптик комиссияда каралып, андан кийин алар чыгарган корутунду боюнча Соттор кеңеши Байзаковду кызматтан бошотуу тууралу сунушту президентке жөнөткөн.

Эскерте кетсек, Нурлан Байзаков 2016-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгын алган. 2021-жылдын 26-июнунда ал президенттин жарлыгы менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Кийин, 2022-жылдын 30-апрелинде ротация тартибинде Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясынын кызматына которулган.

Белгилүу болгондой, Байзаков сотко талапкер катары тандоо процессинде чет мамлекеттин жарандыгы бар экенин жашырган. Бул фактты УКМК аныктап чыккан.

Мыйзамга ылайык, Байзаковдун Кыргызстандын жарандыгынан тышкары, башка мамлекеттин атуулдугу да болгондуктан, ал сот кызматын ээлей албайт жана ээлебеши керек.

29-августта прокуратура тарабынан Соттор кеңешине Ош облусунун Ноокат районунун тергөө соту Байзаковго карата дисциплинардык иш козгоо жөнүндө өтүнүч келтирилген.

УКМК: Ноокаттын тергөө судьясы чет өлкөнүн жараны экени аныкталды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>