Түрмөдө өлтүрөсүңөрбү? Бөлтүрүктүн жубайы жолдошунун диагнозун айтты

Түрмөдө өлтүрөсүңөрбү? Бөлтүрүктүн жубайы жолдошунун диагнозун айтты

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жана “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдингинин мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар. Бул тууралуу жубайы Ильмира Алпысбаева күйөөсүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Бөлтүрүк апноэ (ред. — дем алуусу начарлап, уктап жаткан адамдын деми кыска убакытка токтоп калат) болуп жатат. Түнкүсүн 1-1,5 мүнөткө 34 деми токтойт. Бул көйгөй Канадада эле башталган. Бирок стресстен улам күчөгөн.

“Жолдошумдун оң билеги шишип кеткен. Күнөөсүн, кылбаганын мойнуна алсын деп прокуратурада бир нече саат бою кулпуланган бөлмөдө кармашкан. Бул мен билген нерсе. Жолдошум менден жашырып жатат. Аны эмне кылган жатышат?! Дагы басымдын кандай түрлөрү жасалат?! Кийинки кадам кандай?! Кыйноо, өзүн-өзү өлтүрүүгө үндөө же өзүн-өзү өлтүрүүгө жардам берүү, капыстан жүрөктүн токтоп калуусу? Башка СИЗОго которуу, криминалдын колуна салып берүүбү? Түрмөдө өлтүрөсүңөрбү? Дагы эмне кыласыңар?”, — деп жазган Алпысбаева.

Ошондой эле, ал жолдошу канадалык лицензиясы бар кесипкөй инженер экенин, ал саясатчы же оппозиция эмес экенин белгилеп, ага карата телефондон бир нече жолу коркутуулар болгонун жазган.

“Мен УКМКнын СИЗОсунун бардык сакчыларына, жоокерлерге адамгерчилиги, ага болгон жылуу мамилеси үчүн ыраазычылык гана билдирем”, — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган. Теңгиз Бөлтүрүк 10-мартка чейин камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>