Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
«Лалафодон» унаа саткан. Түрмөдө олтурган жаран Балыкчынын 2 тургунун 100 миң сомго алдаган
02.07.2024 | 18:00
Түрмөдө олтурган кибер алдамчы Балыкчы шаарынын тургундарын 100 миң сомго алдап кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Алардын маалыматында, Чүй облусундагы №3 түрмөдө отурган 29 жаштагы С.Я «Лалафо» жана телеграм аркылуу элдерди алдап, акча котортурган.
«Лалафодо» «Вольсфаген вента» унаасын сатыкка коюп, алдын ала 60 миң сом талап кылган. Акча которулгандан кийин байланышка чыкпай калган.
Ал эми телеграмдагы «Кыргызстан валмарт» деп аталган тайпа аркылуу, акчасын көбөйтүп берүү убадасы менен Балыкчынын дагы бир тургунун 40 миң сомго алдап кеткен.
Ага иш козголуп, Балыкчы шаарынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилди.
Милициянын айтымында, шектүү күнөөсүз моюнга алып, чыгымды төлөп берүүгө даяр.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом