Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышып, Си Цзиньпин менен жолугат
02.07.2024 | 18:06
Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышуу үчүн Астанага (Казакстан) иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Сапар 3-4-июль күндөрү болот. Саммитте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары уюмдун алкагында кызматташууну, аймактык жана эл аралык саясаттагы маселелерди талкуулашат. Жолугушуунун жыйынтыгында Астана декларациясына кол коюлат.
ШКУнун алкагында Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушуу өткөрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом