ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Тышкы иштер министрлиги Түркияда кармалган кыргызстандык мугалимдин үй камагына чыкканын айтты
11.05.2025 | 21:47
ТИМдин маалыматына ылайык, Азамат Нурматов Газиантеп провинциясынын сотунун чечими менен тергөө абагынан бошотулду.
“Министрлик Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Нурматовдун жактоочусу менен биргеликте анын мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоону улантууда. Маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, Түркияда 2016-2017-жылдары аскердик төңкөрүш учурунда Нурматов жатаканада жашап, ошол кезде көбүнчө Фетхуллах Гүлендин колдоочулары пайдаланган уюлдук тиркемени пайдаланган. Түрк тарап ага ошонун негизинде издөө жарыялагандыгы кошумчаланды.
Рубрики: Жаңылыктар