U-23: Асан Жанышов экинчи ирет Азия чемпиону болду

U-23: Асан Жанышов экинчи ирет Азия чемпиону болду

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбаны Асан Жанышов 23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасында экинчи ирет Азия чемпиону болду. Мелдеш Иорданияда өтүүдө.

Жанышов 87 кг салмакта күч сынашты. Бул салмакта 3 гана спортчу катышкандыктан, алар бири-бири менен күрөшүп, жеңүүчүсү аныкталды.

Биринчи беттешинде Асан Жанышов казакстандык Максат Сайлау менен кез келип, аны 11:3 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утту. Андан кийин индиялык Тежпал менен күрөшүп, аны да 14:6 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Натыйжада ал эки жеңишинин аркасы менен алтын тагынып, экинчи ирет Азия чемпиону атанды.

Эскерте кетсек, Асан Жанышов былтыр Бишкекте өткөн 23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасындагы Азия биринчилигинде да алтын утуп, жеңүүчү болгон.

U23: Эки балбан Азия чемпиону болду, дагы төртөө күмүш тагынды (сүрөт)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>