Убактылуу кармоочу жайда отурган адам өз өмүрүнө кол салды

Убактылуу кармоочу жайда отурган адам өз өмүрүнө кол салды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын  кызматкерлери өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасаган жарандын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-апрелде эрте менен 6:30 чамасында Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында отурган жаран өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасаган. Ал ич кийиминен аркан жасап, жылылуук трубасына асынып, өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган.

Аны постто турган милициянын прапорщиги байкап калып, башкармалыктын нөөмөтчүсүнө билдирген. Натыйжада нөөмөтчү милициянын подполковниги Жылдызбек Макамбаев жана посттогу милиционер, милициянын прапорщиги Жанарбек Ибрагимов экөө эсин жоготкон шектүүгө жасалма дем алдыруу жасап, анын өмүрүн сактап калышкан. Ал эми шектүүнү тез жардам кызматы алып кеткен.

Учурда өз өмүрүнө кол салган адамдын абалы жакшы экенин, өз алдынча дем алып жатканы айтылат. Ал тийиштүү кызматкерлердин көзөмөлүндө дарылоо мекемелеринин биринде жатат.

Билдирүүгө таянсак, шектүү 1992-жылы Токтогул районунда туулган, Орусиянын жараны. Ири салмактагы наркотикалык зат алып жүргөн жеринен Жалал-Абад облусунун аймагынан кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>