Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Кыргызстанда үч жогорку окуу жай Кыргыз улуттук университетке кошулат. Өкмөт токтом кабыл алды
26.12.2025 | 12:13

Министрлер кабинети аймактардагы үч жогорку окуу жайды Кыргыз улуттук университине кошуу тууралуу чечим кабыл алды. Тиешелүү токтом «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.
Ага ылайык, төмөнкү жогорку окуу жайлар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университине кошулуп, кайра уюштурулат:
- Баткен мамлекеттик университети;
- Талас мамлекеттик университети;
- Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети.
Өкмөт бул кадам жогорку окуу жайлардын материалдык жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталганын белгилейт.
Ошондой эле мындай чечим дүйнөлүк билим берүү рыногунда мамлекеттик университеттердин потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн, 26-декабрдан, тартып он күн өткөн кийин күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим