Тоң районунда мамлекетке 49 млн сомдук 29,9 гектар жер кайтарылдыАлимжанова ДЦП менен ооруган балдарды реабилитациялоого квотаны көбөйтүүнү сурандыКыргызстанда автоунаалардын ызы-чуусун өлчөө жана нормадан ашкандарга айып пул салуу демилгеленүүдө — мыйзам долбооруБишкекте диктор Тамара Жаманбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүЖКда 2027-жылы онкологияга бөлүнчү каражатты көбөйтүү сунушталдыАмангелдиев Бишкекте жашаган 100 жаштагы жарандардан кабар алды
Кыргызстанда үч жогорку окуу жай Кыргыз улуттук университетке кошулат. Өкмөт токтом кабыл алды
26.12.2025 | 12:13

Министрлер кабинети аймактардагы үч жогорку окуу жайды Кыргыз улуттук университине кошуу тууралуу чечим кабыл алды. Тиешелүү токтом «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.
Ага ылайык, төмөнкү жогорку окуу жайлар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университине кошулуп, кайра уюштурулат:
- Баткен мамлекеттик университети;
- Талас мамлекеттик университети;
- Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети.
Өкмөт бул кадам жогорку окуу жайлардын материалдык жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталганын белгилейт.
Ошондой эле мындай чечим дүйнөлүк билим берүү рыногунда мамлекеттик университеттердин потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн, 26-декабрдан, тартып он күн өткөн кийин күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим