Учурда өлкө аймагында 83 миңден ашык жаран үй карантининде

Учурда өлкө аймагында 83 миңден ашык жаран үй карантининде

Учурда жалпы республика боюнча үй карантинине бардыгы болуп 83 миң 638 адам алынган. Алардын 28 миң 592и үй карантининде, 55 миң 46сы адам карантинден чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Вирус жуктурду деп шектелгендерди инфекциянын инкубациялык мезгилинде оолак кармоо үчүн даярдалган обсервациялык жайларга 9 миңден ашык адам жайгаштырылган, алардын 7 миң 202си медициналык кароонун жыйынтыгы менен үйлөрүнө карантинге жиберилген.

Үй карантин эрежелерин бузган жарандар төмөндөгүдөй жоопко тартылат.

«Жазык кодексинин 280-беренеси («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») менен сегиз киши, 281-беренеси («Адамдар үчүн коркунуч жараткан жагдайлар тууралуу маалыматты жашыруу же бурмалоо») менен бир киши жоопкерчиликке тартылган. Бул беренелерди бузган жарандар 260 000 сомдон 300 000 сомго чейин айып төлөп же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн», — деп жазылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>