Жээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутат
Учурда Атамбаев кайда? ЖАМКнын жообу
11.12.2020 | 15:19
Кечээ, 10-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевди камактан бошотууну суранган адвокат Замир Жоошевдин өтүнүчүн канааттандырган жок.
Жоошев белгилегендей, Жогорку Соттун соттук коллегиясы Атамбаевге карата соттолгон адамды эмес, айыпталуучуга айланткан өкүмдү жокко чыгарды.
Ошондой эле, облустук сот экс-президентти Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын No47 түзөтүү колониясынан УКМКнын тергөө абагына которуу чечимин кабыл алды.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү Reporter.kg’ге учурда Атамбаев No47 колонияда экенин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом