Кыргызстанда 142 адам коронавирустан дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Амбулатордук (үй шартында) 50 адам, стационарда 92 адам. Алардын ичинен 11 адам өтө оор, 27 адам оор абалда. 54 бейтаптын (же 58,6 пайызынын) абалы орточо оор деп бааланууда.
2020-жылдын март айынын башынан бери расмий маалыматтар боюнча 196 181 адам айыгып чыкты.