Баткен ОИИБнын башчысынын орун басарынын өлүмүнө шектүү кармалды

Баткен ОИИБнын башчысынын орун басарынын өлүмүнө шектүү кармалды

Баткен ОИИБнын башчысынын орун басары милициянын подполковниги М.А. киши колдуу болуп каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-мартта саат 11.17лер чамасында Баткен ОИИБнын нөөмөт бөлүмчөсүнүн 102 номерине Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө көкүрөгүнөн жараат алып, 1974-жылы туулган М.А.нин каза болгондугу боюнча маалымат келип түшөт.

Баткен ОИИБнын ыкчам тергөө кызматы менен биргеликте Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов аталган жерге барып окуяны такташат. Аталган жерге барып, Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын подполковниги М.Анын жансыз денесин белгисиз атуулдар “Honda Odyssey” үлгүсүндөгү автоунаада жандандыруу бөлүмүнө таштап кетишкендигин билдиришкен.

Бул факты Баткен ШИИБне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө мурда бир нече жолу жолу соттолуп, жакында кылмыш жазасынан бошоп келген Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 34 жаштагы тургуну Н.С. маркум М.Анын жээни учтуу нерсе менен көкүрөк тушуна сайгандыгы аныкталды.

Баткен облустук милициясы тарабынан Кадамжай шаарынын Пульгон айылынан кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында изин жашырып жүргөн жеринен 34жаштагы Н.С. жана анын кылмыштуу шериктери кармалды.

Учурда алынган учтуу зат боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>