«60 млрд сом мыйзамсыз алып чыккан» УКМК 48 жаштагы кишиге издөө жарыялады

«60 млрд сом мыйзамсыз алып чыккан» УКМК 48 жаштагы кишиге издөө жарыялады

Өлкөдөн акча каражатты чыгарып кетүү фактысы боюнча Бахтияр Жолдошбаев изделүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 319-берене («Коррупция») менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында өлкөдөн 59,5 млрд сом өлчөмүндөгү каражатты мыйзамсыз чыгарып кетүүгө катыштыгы үчүн 48 жаштагы Бахтияр Жолдошбаев изделүүдө.

Издөөгө алынган Жолдошбаевдин жүргөн жери жөнүндө кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо, УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0312-62-05-85, 0312-66-04-75, ошондой эле 0555-55-30-46 номерлерине кайрылууңуздарды суранат.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилери айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>