Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
УКМК 3,2 млрд сомдук объект мамлекетке кайтарылганын билдирди
03.10.2024 | 15:15
“Ак-Була Араван пахта заводунун” 11,14 гектар жери жана имараттары мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, 1997-жылы айрым кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, заводдун жери менен Р.В.А. аттуу чет элдик жарандын жеке менчигине өткөрүп беришкен.
Завод көп жылдан бери иштебей, ишкерлер тарабынан соода аянтчасы катары колдонулуп келген.
УКМК мамлекетке кайтарылган объекеттин баасы 3 млрд 217 млн сомду түзөрүн билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом