Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Мурдагы “Нарын эт комбинатынын” 4 гектар жери мамлекетке кайтарылды
03.10.2024 | 14:35
Мурдагы “Нарын эт комбинаты” ишканасынын 4 гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, 1999-2000-жылы Б.И.Б. аттуу жаран аталган комбинаттын жерлерин мыйзам бузуу менен арзан баага алып, жеке менчигине чыгарып кеткен. 2002-жылы ага менчик укугу берилген.
УКМК мурдагы комбинаттын 4 гектары жери жана анда жайгашкан имараттар Нарын шаарынын карамагына кайтарылганын, эми ал жерге эки өнөр жай ишкасы салынарын билдирди. Ишканалардын курулушу менен шаар тургундары үчүн жумуш орундары түзулүп, жергиликтүү бюджетке киреше түшүп турат.
Мамлекетке кайтарылган жердин баасы 114,5 млн сомго жетет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом