УКМК: абактагы террордук топтун 5 мүчөсү экстремисттик идеологиядан баш тартты

УКМК: абактагы террордук топтун 5 мүчөсү экстремисттик идеологиядан баш тартты

Түрмөдө отурган террористтик жана экстремисттик уюмдардын беш мүчөсү экстремисстик идеологиядан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Алар  2011-2017-жылдар аралыгында Ош шаардык соту тарабынан алды 25 жылга арты 6 жылга абакка кесилген.

“Аталган адамдар бул идеологияны катачылык жана пайдасыз деп таанып, өлкөнүн калкын, айрыкча жаштарды диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынын терс таасиринен сак болууга жана анын ишине катышпоого чакырды”, — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагында 21 экстремисттик жана террордук топтун ишине жана алардын идеяларын жайылтууга тыюу салынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>