УКМК активист Зарина Төрөкулованын кармалышы боюнча үн катты.
Эскерте кетсек, буга чейин Төрөкулова УКМК тарабынан кармалганы тууралуу кабарланган.
УКМКнын маалыматы боюнча, Зарина Төрөкулова өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнө (массалык баш аламандыктар) туура келген чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жарыялаган деп шектелүүдө.
УКМК кызматкерлери аны шектүү катары кармап, убактылуу кармоочу жайга камакка алган.
9-сентябрда Биринчи май райондук сотунда Зарина Төрөкулованын бөгөт чарасы каралып, ал 30-октябрга чейин камалган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, Зарина Төрөкулова «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу бийликке сын айтып келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз