Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
УКМК: Аламүдүндө 110,8 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды
15.11.2024 | 18:44
Чүйдүн Аламүдүн районунда баасы 110 млн 843 миң сом болгон бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, мурда ал бала бакчанын имараты “Эдельвейс-трикотаж” акционердик коомуна таандык болгон. Бирок 2000-жылы ал сот тарабынан банкрот деп таанылып, имарат менен анын жери Октябрь айыл өкмөтүнө өткөн.
Бирок 2008-жылы ал мыйзамсыз жол менен жеке менчикке берилип кетип, учурда тигүү цехи катары колдонулуп жаткан.
УКМК бидиргендей, быйыл сентябрдын аягында мүлк ээлери имаратты менчикте кармап отурганы мыйзамсыз экенин түшүнүп, өз ыктыяры менен айыл өкмөткө өткөрүп берген.
Бала бакча менен ага караштуу жердин аянты 1,2 гектарды түзөт.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом