Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Айдоочу таанышына чалып, МАИчилерден кутулайын деген (видео)
16.11.2024 | 12:36
Чүй облусунда жол тескөөчүлөрүнө кармалган айдоочу таанышына чалып, кутулууга аракет кылган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Жол тескөөчүлөрү айнектери караңгылатылган Subaru Legacy унаасын көрүп, айдоочудан уруксат кагаздарды текшерген. Бирок анда айнекти караңгылатуу үчүн уруксат кагаз гана эмес, айдоочулук күбөлүк да жок болуп чыккан. Тактап айтканда ал такыр күбөлүк ала элек болгон.
Айдоочу таанышына чалып, маселени чечүүгө аракет кылган. Ошентсе да ага 35 миң сом айыппул салынып, унаасы айып короого коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом