Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-апрелде Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга катышуудан баш тартып койду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
«Учурда Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандырарлык. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Бирок мурдагы президент бүгүн, 22-апрелде белгисиз себептерден улам соттук отурумга катышуудан баш тартты», — деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Мурдараак Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу соттук отурум жылдырылгандыгын анын жактоочулары кабарлашкан.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Ички иштер министрлигинин атайын операциясы менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.