Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы президентАлмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевдин кызматтан алынышы боюнча расмий билдирүү таратты.
Атайын кызматтын маалыматына караганда Сагымбаев “Кызматтык дал келбестик” беренесинин негизинде жумуштан алынган.
[su_quote]Ага карата жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен анын атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгону жана уруксатсыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барганы аныкталган.[/su_quote]
Буга чейин бир нече басылмалар Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевге таянып, жансакчы Канат Сагымбаев Атамбаевди туулган күнү менен видео аркылуу куттуктаганы үчүн кызматтан алынганын маалымдаган.