УКМК «Аю Холдингдин» мурдагы президентин кармады

УКМК «Аю Холдингдин» мурдагы президентин кармады

«Аю Холдингдин» мурдагы президенти Бактыбек Өмүракунов уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды. Бул тууралу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын маалыматы боюнча, Өмүракуновдун маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен каржылык байланышы болгон. Андан тышкары анын Өзбекстандагы кримтөбөл Салимбай Абдувалиев менен карым-катнашы болгон: Өмүракунов Абдувалиевдин колдоосу ээ болуп, Өзбекстанда бизнес ачууну көздөп, аны менен байланыш түзгөн.

Белгилүү болгондой, Салимбай Абдувалиев быйыл августта УКМК тарабынан издөөгө алынган.

УКМКнын кызматкерлери Бактыбек Өмүракунов менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ал уюшкан кылмыштуу топтор менен байланыштардан, криминалдык идеологиядан баш тартарын убада кылган.

Учурда Өмүракуновдун кримчөйрө менен дагы кандай байланыштары болгону боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.

Бактыбек Өмүракунов жана Салимбай Абдувалиев

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>