УКМК: Бабановго козголгон иштер токтотулду, ал мамлекетке 100 млн сом төгөт

УКМК: Бабановго козголгон иштер токтотулду, ал мамлекетке 100 млн сом төгөт

Саясатчы Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштер токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин укук коргоо органдары тарабынан Бабановго жана ага байланышы бар коммерциялык структураларга карата козгогон кылмыш иштери токтотулган. Мындай чечимдин кабыл алынышына Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок экени себеп болгон.

Ошондой эле маалыматта Өмүрбек  Бабанов мамлекеттин эсебине өз ыктыяры менен 100 миллион сом өлчөмүндө каражат которууга келишим түзгөнү да айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>