Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
УКМК: Беловодск мунай базасы мамлекетке кайтарылды
04.11.2025 | 14:45

Чүй облусунун Москва районундагы «Кыргызмунайзаттын» Беловодск мунай базасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2004-жылы Москва районунун Петровка айылында жайгашкан мунай базасы мамлекеттик кызматкерлердин ич ара сүйлөшүүсүнүн натыйжасында баасы төмөндөтүлүп, тиешелүү тендердик жол-жоболорду жүргүзбөстөн мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.
УКМК аталган мунай база 7,7 гектар аянтты ээлерин билдирди. Ошондой эле анын аймагында имараттар жана сыйымдуулугу 36 миң 200 тонна мунай продуктулары үчүн резервуарлар жайгашкан.
Менчик ээлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иш-чаралардын алкагында аталган мунай иштетүүчү завод мамлекеттик баланска кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар