УКМК Бишкектин көчөсүндө тапанча менен элди коркуткан жаран кармалганын билдирди

УКМК Бишкектин көчөсүндө тапанча менен элди коркуткан жаран кармалганын билдирди

УКМК Бишкектин чок ортосунда тапанча алып чыгып, тополоң салган жаран кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-майда Карл Маркс менен Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен айдоочулар жаңжалдашкан. Андан соң айдоочулардын бири И.Р.Д. «Grand Power Т 12» маркасындагы травматикалык тапанчасын алып, башкаларды көздөй багыттап, өлтүрөм деп коркута баштаган.

Ошол эле күнү жогорудагы жаран И.Р.Д. кармалып, тергөөгө алынган. Атайын кызмат И.Р.Д.ны жеке текшерүү учурунда өзгөчө жыты бар ак түстөгү порошок салынган желим баштык табылганын билдирди. Бул фактылардын негизинде 280-беренесинин (бейбаштык) 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

Күч органдары жүргүзгөн ыкчам издөөнүн жыйынтыгында жарандан эки даана мылтык, бир даана жарым автоматтык ок атуучу курал жана аларга тиешелүү ок-дарылары табылып алынган. Мындан улам 24-майда Р.И. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>