УКМК: Чагымчыл күчтөр кыргыз-тажик ортосундагы кырдаалды курчутууда

УКМК: Чагымчыл күчтөр кыргыз-тажик ортосундагы кырдаалды курчутууда

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалдын артында Кыргызстандын УКМКсы менен ИИМи турат делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комиттин басма сөз кызматы билдирет.

 “Атайын бузуку күчтөр Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кырдаалды курчутууга аракет кылышып, Кыргызстандын укук коргоо органдары тууралуу такталбаган маалыматтарды таратышууда. Учурда УКМК менен ИИМ  башка мекемелер менен биргеликте чек арадагы абалды жөнгө салуу аракеттерин көрүшүүдө. Мындан улам УКМК, чек ар маселеси боюнча чыр туудура турган чагымчыл билдирүүлөрдү чыгаруудан алыс болууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.

18-декабрда Баткендин Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыгып,  эки өлкөнүн жарандары бири-бирине таш ыргыткан. Кийин эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда Тажикстан тараптан атылган октон Кыргызстандын аскер кызматкери жаракат алган. Мындан сырткары беш адам ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген.

Көп өтпөй asia-times.org аталышындагы басылма кыргы-тажик чек арасындагы жаңжалга Кыргызстандын укук коргоо органдарын негизсиз күнөөлөгөн маалымат жарыялаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>