Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
УКМК чет элдик адам шпионаж жасоого айыпталып соттолгонун билдирди
08.12.2025 | 12:20

УКМК чет мамлекеттин атайын кызматынын агенти шпионаж жасоого айыпталып, камалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган чет өлкөлүк жаран күнөөсүн толук мойнуна алып, көрсөтмө берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин «Шпионаж» беренеси менен кылмыш иш козголгон.
Талашсыз далилдердин негизинде бул жаран соттун чечими менен айыптуу деп табылып, түрмөгө кесилген. Атайын кызмат кылмышкер кайсы мамлекеттин жараны экенин ачыктаган жок.
Улуттук коопсуздук органдары чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстан ички иштерине кийлигишүүсүнө жол бербөө максатында туруктуу түрдө контрчалгындоо ишин жүргүзүп келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар