Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
УКМК: Чүйдөгү “Кызыл-Белес” лыжа базасы мамлекетке кайтарылды
25.09.2024 | 09:54
Чүйдүн Аламүдүн районундагы “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, Аламүдүн районунун жергиликтүү бийлигинин жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин жооптуу кызматкерлери жалпы аянты 10 гектар болгон жайыт жерди жана тоо лыжа базасын жеке менчикке берип жиберген. Кийин лыжа базасынын ээси аны башка бирөөлөргө саткан.
УКМК билдиргендей, териштирүүнүн жыйынтыгында азыркы ээси лыжа базасын жери менен мамлекетке өткөрүп берген. Анын баасы 50 млн сомдон ашат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом