Кыргызстанда токойлордун жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарга жеттиКыргызстан соттук-экспертиза тармагындагы реформаларын 40 өлкөдөн келген 1150 катышуучуга тааныштырдыТоң районунда мамлекетке 49 млн сомдук 29,9 гектар жер кайтарылдыКыргызстанда автоунаалардын ызы-чуусун өлчөө жана нормадан ашкандарга айып пул салуу демилгеленүүдө — мыйзам долбооруАлимжанова ДЦП менен ооруган балдарды реабилитациялоого квотаны көбөйтүүнү сурандыБишкекте диктор Тамара Жаманбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү
УКМК: Чүйдөгү “Кызыл-Белес” лыжа базасы мамлекетке кайтарылды
25.09.2024 | 09:54
Чүйдүн Аламүдүн районундагы “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, Аламүдүн районунун жергиликтүү бийлигинин жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин жооптуу кызматкерлери жалпы аянты 10 гектар болгон жайыт жерди жана тоо лыжа базасын жеке менчикке берип жиберген. Кийин лыжа базасынын ээси аны башка бирөөлөргө саткан.
УКМК билдиргендей, териштирүүнүн жыйынтыгында азыркы ээси лыжа базасын жери менен мамлекетке өткөрүп берген. Анын баасы 50 млн сомдон ашат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом