УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Улуттук коопсуздук комитети эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалганын кабарлады. 

Эки күн мурун эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү С.Т. аттуу кыргыз жараны кармалган. 

Анын Сирияда согуштук даярдыктан өтүп жана эл аралык террористтик уюмдун катарында өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышканы такталган. 

Учурда кармалган адамдын башка кылмыштарга да тиешеси бар жогу иликтенүүдө. 

Учурда ал УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>