УКМК «Кадастрдын» кызматкерин кармады

УКМК «Кадастрдын» кызматкерин кармады

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн филиалынын директорунун орун басары Э.А.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, алар Көк-Жар айылынын 172, 544, 549-556, 552-контурларындагы жер тилкелердин алынышынын мыйзамдуулугун текшерүү жүргүзүп, 2007-жылы №544 контурдан жарандарга 4,3 гектар айыл чарба жерлери бөлүнүп берилгени такталган.

Аталган жерлер узак убакыт бою өз максатына ылайык колдонулбай, менчик ээлери аларды майда жер тилкелерге бөлүп, турак үй куруу үчүн сатууну көздөшкөн. Бирок аларда жерлерди трансформацияга кылганга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, «Кадастрдын» кызматкери Э.А.А. көмөк көрсөтүүнү сунуштап, пара катары №544 контурдан 15 сотых жер алган. Аталган жер тилкесин жээнине каттаткан.

«Кадастрдын» кызматкери (Э.А.А.) шектүү катары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

 

Рубрики: КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>