УКМК Камчыбек Ташиевдин жакын тууганы эмнеге кармалганын айтты

УКМК Камчыбек Ташиевдин жакын тууганы эмнеге кармалганын айтты

УКМК Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын кармалышы боюнча үн катты.

Камчыбек Ташиевдин бажасы А.Т.О. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелүүдө. Аны менен бирге А.С. аттуу Түркиянын жараны кармалган.

Атайын кызматтан маалыматы боюнча, аталган эки адам алдамчылык жолу менен жергиликтүү ишкердин ишеничине кирип, сызга отургузуп кеткен. Бул окуядан кийин алданган ишкер УКМКга кайрылган.

УКМК билдиргендей, Камчыбек Ташиев аталган факт боюнча калыс тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдүн иш-аракетине юридикалык баа берүүнү тапшырган.

Натыйжада Ташиевдин бажасы менен Түркиянын жараны кармалып, соттун чечими менен камакка алынган. Учурда алданган ишкерге акчасын кайтарып берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Атайын кызмат белгилегендей, акыркы кезде чоң кызматта иштеген адамдардын атын жамынып, алдамчылык кылган жарандар көбөйүүдө. Мындан улам андай фактылар боюнча жарандарды УКМКга кайрылууга чакырат.

«Аталган фактыларга бөгөт коюлуп, күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жазага тартылат», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>