Көз айнек» белгиси бар айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жолу түшүндүрүлдү29-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүн
Мэрия Бишкектин өйдө жагындагы Адыгене көлүнүн коопсуздугун талкуулады
17.07.2024 | 20:00
Калаада мэр Айбек Джунушалиевдин жетекчилиги астында жарандык коргонуу боюнча штабдын жыйыны өттү.
Мамлекеттик органдардын, Бишкек шаарынын аймактык системасынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын коркунуч жана өзгөчө кырдаалдар учурундагы даярдыгын талкуулады.
Анда Ала-Арча капчыгайындагы абал, тактап айтканда Адыгене көлү тууралуу маалымат берди.
Мэриянын айтымында, аталган көл учурда коркунуч жаратпайт. Ага карабай Айбек Джунушалиев кайрадан визуалдык текшерүү жүргүзүп, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жоюу милдетин койду.
Өз кезегинде КР УИАнын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору Догдурбек Чонтоев Адыгене көлү коркунуч туудурбайт, бирок булак тобокелдиктердин боло турган кичине (тайыз) көлдөр бар экенин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом