УКМК Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Э.А. кармаганын билдирди.
Ал муниципалдык жерди арзан баада сатууга шектелүүдө. Тагыраагы, 2021-2022-жылдары Кашка-Суу кичи районунан көп кабаттуу социалдык үй жана студенттик жатакана куруу үчүн Каракол шаардык мэриясы тарабынан 8312,9 чарчы метр жер бөлүнүп, аукционго коюлган. Кийинчерээк жер Мамлекеттик ипотекалык компанияга өтмөй болгон. Бирок шаардын биринчи вице-мэри мындан кабардар болуп туруп, участокту менчикке өткөрүү үчүн кайрадан аукцион уюштурганы айтылды.
“Андан соң Каракол шаарынын мэриясынын Жер комиссиясы А.Н.К. аттуу жаранга Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин берүү жөнүндө чечим чыгарган. Жер тилкесинин наркы аукциондо сунушталган суммадан алда канча жогору болгон”, — деп билдирди атайын кызмат.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча А.Э.А. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз