Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
УКМК кармаган 70 жаштагы апага сот өкүмү чыкты
24.11.2023 | 13:02
Жалал-Абад шаардык соту бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого айыпталган 70 жаштагы Салия Таштановага өкүм чыгарды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, ал күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыппул салынды. Соттун өкүмү күчүнө киргенче Салия Таштанованын үй камагындагы бөгөт чарасы өзгөртүлбөйт.
Эскерте кетсек, Таш-Көмүр шаарынын тургуну Салия Таштанова – «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү. Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өлкөдө баалар өсүп жатканын айтып, бийликти сындап келген. Кийин 17-октябрда УКМК тарабынан кармалган.
Камчыбек Ташиев мыйзам бузса 70 эмес, 90 жаштагылар дагы жоопко тартыларын айткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом