Видео: Ташиев 70 жаштагы апанын УКМК тарабынан кармалышы боюнча үн катты

Видео: Ташиев 70 жаштагы апанын УКМК тарабынан кармалышы боюнча үн катты

Камчыбек Ташиев УКМК тарабынан «бийликти күч менен басып алууга чакырык» жасоого шектелип кармалган 70 жаштагы пенсионер Салия Таштанова менен жалгыз бой эне Чыныгүл Шеркулованын кармалышы боюнча үн катты.

«Азыр коомубуз мыйзамды талап кылбаганыбыздан бузулуп кеткен жерлер көп. «70 жаштагы апаны камап коюптур» деп айтып жатышат. Эгер мыйзам бузса 70ке, 90го чыгабы же 18-20 жашта болобу, мыйзам алдында баары бирдей жооп берүүгө милдеттүү. Коомдуу дүрбөлөңгө салып, жалган маалыматрады таратып, бир-эки жолу таратпастан, дайыма ар түрдүү жалган маалыматтарды таратып коомубузду дүрбөлөңгө салып жатат. Ошондой адамдарды биз жоопко тартышыбыз керек. Апа Таш-Көмүрдөн болсо, дагы бирөөсү Кочкор-Атадан (сөз Чыныгүл Шеркулова тууралуу -ред.) экен. Ал дагы видеолорду тартып, аларга өлкөдөгү кооз жерлердин сүрөттөрүн коюп, «ушулар сатылып кетти» деп коомго дүрбөлөң салып жатат. Коомго дүрбөлөң салгандарды жоопко тартабыз», — дейт ал.

Анын айтымында, коомчулук бийликке кемчиликтерин айтса, алар кемчиликтерин оңдоого милдеттүү.

Эскерте кетсек, Жалал-Абадда УКМК 70 жаштагы пенсионер Салия Таштанова менен жалгыз бой эне Чыныгүл Шеркулованы «бийликти күч менен басып алууга чакырык» жасоого шектеп кармаган. Бир нече күн камакта отургандан кийин 70 жаштагы апа 17-октябрда (коомчулуктун сынынан кийин) үй камагына чыгарылган. Ал 4-декабрга чейин үй камагында болот.

Ал эми 6-октябрда кармалган Чыныгүл Шеркулова 4-ноябрга чейин камакта калды.

Аталган эки аял тең «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү болушат. Алар буга чейин соцтармактар аркылуу бийликке сын айтып келгени белгилүү.

Салия Таштанова — 70 жаштагы пенсионер (буга чейин 75 жашта деп туура эмес маалымат берилип калган). Ал Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жашайт.

Ал эми — Чыныгүл Шеркулова Кочкор-Ата шаарынын тургуну, жалгыз бой эне жана 3 баласы бар экени айтылууда.

УКМК кармаган 75 жаштагы апа камактан чыкты, жалгыз бой эне камакта калды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>