УКМК Көлбаевдин «Пипи» каймана аттуу классташы кармалганын билдирди

УКМК Көлбаевдин «Пипи» каймана аттуу классташы кармалганын билдирди

УКМК маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалганын билдирди.

УКМКнын маалыматында, “Пипи” деген каймана аты бар Н.Н.К. аттуу жарандын маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин классташы болгондугу жана мурда анын тапшырмаларын аткарып жүргөндүгү аныкталган.

Ошондой эле ал «денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча соттолгону жана 2007-2008-жылдары Көлбаев Талас облусунун «положенеци» болуп дайындалганы белгилүү болгон.

Мындан улам 22-майда Н.Н.К. УКМКга алынып келинген.

«Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, H.H.K. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлүгүнөн толугу менен чыгып, жарандарды кылмыш дүйнөсүнүн жолуна түшпөөгө чакырып, кылмыш идеологиясынан баш тартып, мындан ары Кыргазстандын мыйзамдарын бузбоого милдеттенди»,- деп билдирди атайын кызмат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>