«Кыргызстан үчүн 100 идея» республикалык жаштар сынагы жарыяланды«Flydubai менен болгон инцидент Тегеранды айыптоо үчүн пландалган» — Ирандын ТИМиКыргызстан курамасы тарыхта биринчи жолу Ливанды жеңдиКечинде «Ала-Арчадан» кетүү кыйын болууда — жетекчилик маселени чечүүнү убадаладыРоссияда чума оорусу катталганына байланыштуу Кыргызстанда чек ара көзөмөлү күчөтүлдүАба ырайы кескин сууктап, жаан жаайт: 5-октябрга карата аба ырайы
Кыргызстан менен Орусиянын Свердлов облусу билим берүү жаатында кызматташат
30.05.2025 | 13:14
Кыргызстан менен Орусиянын Свердлов облусу билим берүү жана жаштар саясаты жаатында кызматташат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Кечээ, 29-майда министрликте эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине арналган жолугушуусу болуп өткөн.
Иш-чара кызматташуунун келечегин, тажрыйбаларды алмашууну, ошондой эле эки тараптуу долбоорлорду ишке киргизүүнү талкуулоо максытанда уюштурулган.
Жолугушууда тараптар билим берүү системаларын өнүктүрүү, тарбия ишин уюштуруу маселелерин карап чыгышкан. Ошондой эле жаштарды колдоого жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу туурасында пикир алышышкан.
Рубрики: Жаңылыктар