УКМК Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөлөрүнөн мүлктөрдү аныктады
УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата «кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
УКМКдан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кыймылсыз мүлк объекттери аныкталган:
– «Илбирс-Саадат» эс алуу борборундагы коттедж;
– Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору;
– «Коста Браво» эс алуу борборундагы коттедж;
– «Бурана Резорт» эс алуу борбору.
Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.
[image_carousel source=”media: 199714,199715,199716,199717″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз