Басмачыларды актоо. Мамлекеттик архивде 1918-жылга чейинки материалдар жок

Басмачыларды актоо. Мамлекеттик архивде 1918-жылга чейинки материалдар жок

Орус падышачылыгы убагында  басмачы аталып, кысымга учураган, курман болгон ата-бабаларды дагы актоо зарыл. Бул тууралуу депутат Медер Алиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында репрессия курмандыктарын актоо жөнүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди.

Ал  долбоордо 1918-1950 – жылдардагы репрессияга кабылгандарды актоо каралып, ага чейинки орус колониясынан жапа чеккендер кирбей калганын белгиледи.

“Орус империясы учурунда генералдар — Константин Кауфман жана Михаил Скобелевдер Борбордук Азияны басып алып, биздин чоң аталарыбыз басмачы аталып, көптөрү курман болгон. Кийин совет доорунда алардын балдарына чектөө болгон экен. Аларды кантебиз?  Аларды дагы акташ керек. Россияда азыркы изилдөөлөр  басмачы деп туура эмес көрсөтүлүп калганын аныктап жатат”, — деди депутат.

Тарыхчы Болот Абдрахманов  басмачыларга байланыштуу документтер архивде жок экенин айтты.

“Архивде документтер 18-жыл дагы эмес, 20-жылдан башталат.  Сиз айткан убакытка дагы мүмкүнчүлүк болсо кайрылыш керек. Бирок татаал болот. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте дагы 1917 жыл боюнча материал жок”, — деди Болот Абдрахманов.

Репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоор биринчи окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>