Жол эрежесин бузуудагы айып пулдун үстөк пайызын жоюу каралууда

Жол эрежесин бузуудагы айып пулдун үстөк пайызын жоюу каралууда

Бүгүн, 19-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору тууралуу маалымат менен ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев тааныштырды.

Мыйзам долбоору дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде Кыргызстанда түзүлгөн экономикалык кырдаалды эске алуу менен, ошондой эле республиканын калкынын социалдык-экономикалык абалына жана бүтүндөй өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды эске алуу менен иштелип чыккан. Тактап айтканда,  жол эрежесин бузуудагы айып пулдардын үстөк пайызы жоюлуп жатат.

Талкууда депутат Балбак Түлөбаев мыйзам долбоору кабыл алынса, жарандар башка тармактагы мыйзам бузуулар үчүн алынуучу үстөк пайыздарды алып салуу боюнча кайрылышат деген оюн билдирди. Депутаттар Мирлан Самыйкожо, Ырысбек Атажанов, Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзам долбоорун колдоп, айып пулдун алынып салынышы унаа ээлеринин абалын жеңилдете турганын белгилешти.

Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>