УКМК кримтөбөл “Женгонун» байлыктарын жарыялады – сүрөт

УКМК кримтөбөл “Женгонун» байлыктарын жарыялады – сүрөт

УКМК “Женго» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновдун байлыктарын жарыялады.

Атайын кызматтын билдиришинче бир нече жолу соттолгон Кадыр Досонов эч жерде иштеген эмес жана кылмыштуу жол менен ири байлык топтогон.

Анын туугандарына жана тааныштарына катталган 19 автоунаасы, 15 турак жайы жана 35 жер тилкеси аныкталган.

Ошондой эле маалыматта Кадыр Досонов бир нече курулуш компанияларда да ири каражаттары бар экени айтылат.

Учурда ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмү (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу) менен иш козголуп иликтенүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>