Өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча массалык башаламандык уюштуруу фактысы менен Курсан Асановду кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда сотко чейинки төргөөнүн алкагында ал 10-октябрь күнү УКМК менен ИИМ тарабынан кармалган.
Буга чейин УКМКмурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, президенттик аппараттын мурдагы жетекчсис Фарид Ниязов, УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагынбаев жана УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакевди кармаган.