Бишкектин Ленин райондук милициясынын эки кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, милициянын майору (И.А. уулу) жана капитан (А.А.) кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деген шылтоо менен бир жарандан 100 миң сом пара алган.
Аталган милиционерлер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.