УКМК милициянын тергөөчүсүн кармады

УКМК милициянын тергөөчүсүн кармады

Бишкекте Биринчи май райондук милициясынын тергөөчүсү коррупциялык схема түзүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган тергөөчү (Б.У.А) шектүү катары кармалып, камакта отурган адамдар менен туугандарын жолуктуруу үчүн опузалап акча алып жүргөн деп шектелүүдө. Ал туугандарын камактагы адам менен жолуктуруудан баш тартып же создуктуруп, акча алуунун амалын көргөн.

24-февралда ал ушундай эле жол менен пара алып жаткан жеринен кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

УКМК аталган тергөөчү коррупцияга каршы кабыл алынган жаңы мыйзам боюнча жоопко тартыларын, айып пул менен кутула албасын, кийин жумушуна кайтып келүүгө мүмкүн болбой турганын билдирди.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>